08:01
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолундагы жол кырсыктан тогуз адам жабыркады

Кочкор районундагы Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы жол кырсыктан тогуз адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-кызматы билдирди.

Белгиленгендей, жол кырсык 23-июнда Кубакы ашуусунда болгон. Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон учуп кеткен.

«Натыйжада жол кырсыктан жабыркагандардын төртөөсү жаш балдар, ал эми бешөө чоңдор. Алардын бардыгы тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди», — деп берилет маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар