13:26
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Премьер-министрге алгачкы сын. Депутат өкмөт мүчөлөрүн ойгонууга чакырды

Парламенттин укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Наталья Никитенко Кубатбек Боронов жетектеген өкмөттү ойгонууга чакырды. Ал 24.kg агенттигине өзгөчө кырдаал режимин кайра киргизүүгө каршы экендигин, бирок карантин чараларын күчүнө киргизүүнү колдоорун билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча эпидемиологиялык кырдаал курчуп бара жатат, өзгөчө Бишкек шаарында. Чектөө чараларын алып салгандан кийин элдин баары жумушка чыга башташты.

«Өзгөчө кырдаал режими улантылаары түшүнүктүү болду, демек кайрадан алсыз экономиканы жок кылып, социалдык катуу чыңалуу болот. Бул жагдайда өзгөчө кырдаал режимин алып салуу туура болот. Мындан башка жооп ала турчу суроолорум бар: бул арада өкмөт республиканы өзгөчө кырдаалдан чыгууга даярдоо үчүн эмне кылды? Саламаттыкты сактоо системасы оорулууларды көп кабыл алууга даярдык көрүү үчүнбү же анализ алуу үчүн лабораторияны камсыздап кеңейтүүбү? Белгилери байкалбаган оорунун симптомдорун ачыктоочу алгоритм иштеп чыгып, оорунун жеңил түрү менен ооруп, үйүндө дарыланып жаткан бейтаптарга байкоо жүргүзүүгөбү же дарыгерлерди жеткиликтүү камсыздап аларга компенсацияны жакшы төлөп берүүгөбү же дезинфекция менен дайыма камсыз кылып туруугабы?», — деп суроо салды Наталья Никитенко.

Депутат кеп саламаттыкты сактоо сиситемасы чечимдер өзгөрүлүп жаткандыгына байланыштуу күчүн топтой албай жаткандыгында жана экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тобокелчиликтерди азайтуу боюнча чабалдыгын көрсөткөндүгүндө. Көрсө өкмөттүн курамында дагы эле мурунку көрүнүш, Кубатбек Бороновдон жакшы жыйынтыкты күтүүгө негиз жок экенин белгиледи.

Балким, тездик менен начарлап бараткан кырдаал жана элдин нааразычылыгы акыры министрлер кабинетин ойготот?

Депутат өзгөчө кырдаал тартибин киргизилүүсүнө каршы, бирок карантин чараларын улантууну колдойт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума