Бишкек шаарынын мэринин милдетин убактылуу биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев аткарат. Бул тууралуу мэриянын пресс-кызматы маалымдады.
«Борбор шаардын мэри Азиз Суракматов COVID-19 илдети менен ооруп жаткандандыгына байланыштуу расмий түрдө кызматтык зарылчылыктан улам муниципалитеттин башчысынын милдетин борбордун биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев убактылуу аткарат», — деп билдирди мэрия.
Шаардык жана ыкчам штабдар кадимки режимде иштешет. Баардык кызматтар жана акимчиликтер шаардын жашоосун жана көркүн жакшыртуу боюнча иш-аракеттерин улантышат.