05:23
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

КТРКнын журналистинен коронавирус аныкталды

КТРКнын алдындагы «Ала-Тоо 24» каналынын журналистинен коронавирус аныкталды. Бул маалыматты 24.kg агенттигине мекеменин директору Жайнак Үсөн уулу тастыктады.

Анын айтымында, оорунун анализи бүгүн чыккан. Буга чейин журналист өзүн жаман сезип жүргөн.

«Оору жеңил өтүп жатат. Журналист ооруканага жаткырылды. Дагы эки кызматкер коронавируска шектүү болуп жатат, алар өзүн-өзү изоляциялоодо», — дейт КТРКнын жетекчиси Жайнак Үсөн уулу.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны 3 миң 356га жетти. Анын ичинен 2 миң 21и айыккандар.

Эң көп окулган жаңылыктар