20:32
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Сабиржан Абдикаримов: Кыргызстанда коронавирустун очогу үй-бүлө болууда

Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын жайылышы бүтүндөй үй-бүлөлөрдү каптоодо. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов пресс-конференцияда билдирди.

Анын айтымында, массалык иш-сараларды өткөрүүгө тыюу салынганы менен эл өткөрүп жатат.

«Аш өткөрүүгө мисалы көп адам келет. Бул өтө кооптуу. Москва районунда бир киши төрт күн бою кыз узатуу той өткөргөн, эми ал жактан коронавирус чыгып жатат. Айрымдары кырдаалды билип туруп тобокелчиликке барып үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүп жатышат. Ошондуктан коронавирустун очогу үй-бүлө болууда: балдар ооруп жатышат, аны менен катар чоңдору дагы бар», — дейт Сабиржан Абдикаримов.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны 3 миң 356га жетти. Анын ичинен 2 миң 21и айыккандар.

Эң көп окулган жаңылыктар