15:02
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кадамжайда адам уурдоого шектүү төрт адам кармалды

Кадамжай районунда төрт киши адам уурдоого шектелүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук ИИБнин пресс-кызматы билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо органдарына жоголгон баланын атасы кайрылган. Ал 27 жаштагы уулун белгисиз адамдар уурдап кетип сабап, эс-учун жоготкондо Ошко алып барып таштап кетишкенин айткан.

“Баласын уурдап барышып сабап анан Ошко таштап кетишкен. Жолдо өтүп бараткандар жабырлануучуну ооруканага жеткиришкен. Андан соң милиция кызматкерлери аны үйүнө алып барышкан. Алдын ала маатыматтар боюнча алар акчанын айынан уурдашкан. Учурда укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын иликтеп жатат”, - деп билдирет жергиликтүү ИИБдин пресс-кызматы.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып кылмыш иши козголду. Учурда адам уурдоого шектүү төрт адам кармалды. Тергөө иши жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби