12:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте коомдук транспорттун айдоочулары мушташып кетишти

Бишкекте маршруттук кичи автобустун айдоочусу менен троллейбустун айдоочусу мушташып кетти. Окуянын видеосун активист Болот Ибрагимов жарыялады.

Тасманын кадрында эки айдоочу жакалашып, жолдун ортосунда мушташып жатканын көрүүгө болот. Аларды ажыратууга ортого үчүнчү адам түшкөн.

Патрулдук милиция кызматы 24.kg пгенттигине окуянын бүгүн болгонун маалымдады. Бирок бул факт боюнча милиция бөлүмүнө эч ким кайрылган эмес. Андыктан эки айдоочунун ортосундагы чырдын эмнеден чыкканы белгисиз.

Эң көп окулган жаңылыктар