05:49
USD 84.80
EUR 98.41
RUB 1.19

Коронавирус аныкталган дарыгер тойго барган

Москва райондук поликлиникасынын кызматкеринен коронавирус аныкталды. Ал Беловодск айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Дөбө айылына үйлөнүү тойго барган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жергиликтүү тургундар маалымдашты.

Алардын айтымында, үйлөнүү тойдо жергиликтүү поликлиниканын медайымы дагы болгон.

«Айылдын тургуну 9-июнда уулун үйлөнткөн. Той дээрлик беш күнгө созулду. Жергиликтүү бийлик эч кандай чара көргөн жок, болбосо алар той болгон үйгө кошуна жашашат, шаан-шөкөт боюнча баары билишчү. Той аяктаган соң конок катары келген медайымдан вирус аныкталды. 11-июнда тойго барган айрым тургундар анализ тапшырышты. Бирок медайым менен байланышта болгондордун көбү анализ тапшыруудан баш тартышты. Эми алардын баары айылда жүрүшөт», — деп кабатырланышууда айыл тургундары.

Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Камиля Будайчиева медициналык мекеменин кызматкеринен коронавирус аныкталганын тастыктады.

«Ооба биздин медайым Айчүрөк Койкеева инисинин тоюна барган. Бирок ал вирус жугузуп алганын билген эмес. Биздин эмдөөчү кызматкерибизден коронавирус аныкталгандан кийин 7-8-июнда кызматкерлердин баарын текшергенбиз. Жыйынтыгы 9-июнда чыкты, тилекке каршы Айчүрөк Койкееванын анализинен вирустун симптомдору аныкталды. Биз дароо той болуп жаткан үйгө барып медайымды алып кеттик. Ал 12 аял менен отурган экен», — дейт Камиля Будайчиева.

Директордун айтымында, медайым менен байланышта болгон 16 жактын жана тойдун катышуучуларынан анализ алынып, баарыныкы жакшы чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар