Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик башкармалыгынын бир кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мкекменин пресс-кызматы 24.kg агенттигине маалымдады.
Анын айтымында, кызматкердин биринчи тести жакшы чыккан, экинчи жолу тест тапшырганда коронавирус аныкталган.
«Учурда каржы полициясынын баардык кызматкерлери анализ тапшырышты, жыйынтыгы жакшы чыкты. Бирок биз аларды үй карантинине жөнөтүүнү туура көрдүк, алар үйдөн иштешет. Эгер кимдир-бирөө өзүн жаман сезип жаткан болсо кайрадан анализ тапшырылат. Бүгүн мекеме дезинфекцияланды, ошондой эле имаратты убактылуу жаптык», — деп жазалат маалыматта.
Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 2 миң 562ге жетти, ал эми анын ичинен айыккандар 1 миң 901 адам.