00:29
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Биринчи вице-премерь-министрликке Алмазбек Баатырбеков сунушталды

Алмазбек Баатырбековдун биринчи вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлиги сунушталууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жогорку Кеңештен маалымдашты.

Маалыматка караганда, бүгүн коалициялык кеңештин отурумунун алдында парламенттик көпчүлүктүн курамына кирген фракциялардын лидерлери чогулушту. Алар министрлер кабинетинин башчылык кызматына Кубатбек Бороновдун талапкерлигин жактырышты жана «Кыргызстан» фракциясынын мурдагы лидери Алмазбек Баатырбековду биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна сунушташты.

Эске ала кетсек, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ жумуштан кетүү арызын жазган. Ал министрлер кабинетинин башчылыгында эки жыл иштеди. Бул жылдар аралыгында өкмөттүн курамынын дээрлик 90 пайызы алмашты.

Эң көп окулган жаңылыктар