22:43
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстандын бюджетинин дефицити 13 млрд 352 млн сомду түздү

2020-жылды 5 ай ичинде кирешелер 40 млрд 996 млн сом суммасына аткарылды, бул 2019-жылдагы көрсөткүчкө карата 11 млрд 199 млн сомго аз. Бул туралуу КР финансы министринин орун басары Марлен Амандыков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 5 айдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин дефицити 13 млрд 352 млн сомду түзгөн. Ал эми бул мезгилдеги чыгашалар 54 млрд 348 млн сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 2 млрд 867 млн сомго көбөйгөн.

«Бюджеттин дефицитин каржылоо булактары боюнча аткарылышы 23 млрд сомду түздү. Алардын ичинен 4 млрд 700 млн сом бул ички каражаттар, 18 млрд 382 млн сом тышкы булактар. Анын ичинен 17 млрд сом Эл аралык Валюта фондунан алынган насыя. Бюджеттик каражаттардын калдыгы 9 млрд 750 млн сомду түздү. Бюджеттик каражаттар 5,5 млрд сом жана атайын каражаттар 4 млрд 200 млн сом», — деп белгиледи Марлен Амандыков.

Эң көп окулган жаңылыктар