11:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 10 миллиард 245,7 миллион сомду түздү

2019-жылдын алгачкы 6 айында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 10 миллиард 245,7 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жөнгө салынуучу кирешелер — 5 миллиард 125 миллион 614,6 миң сом, бекитилген кирешелер — 3 миллиард 940 миллион 617 миң сом, теңдөөчү гранттар — 977 миллион 636,1 миң сом, жылуулук энергиясына кеткен чыгымдын ордун толтуруу — 40 миллион сом, бийик тоолуу райондорго 50 пайыздык чегерүүлөр — 90 миллион 242,8 миң сомду түздү.

Ал эми жергиликтүү бюджеттердин чыгаша бөлүгү 8 миллиард 895 миллион 959,3 миң сом өлчөмүндө аткарылган.

Эң көп окулган жаңылыктар