00:35
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Акыркы 10 айда мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 3 миллиард сомду түздү

Ушул жылдын январь-октябрында мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 125,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, республикалык бюджеттин кирешелери — 109,9 миллиард, жергиликтүү бюджеттердин кирешелери 17,8 миллиард сомду түздү.

«Көрсөтүлгөн мезгилде мамлекеттик бюджеттен жалпысынан 128,5 миллиард сомго, республикалык бюджеттен — 114,3 миллиард сомго, жергиликтүү бюджеттерден — 16,4 милилард сомго төлөөлөр жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

10 айдын жыйынтыктары боюнча, мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 3 миллиард сомду, республикалык бюджеттин тартыштыгы — 4,4 миллиард сомду түздү. Ошол эле учурда жергиликтүү бюджеттер 1,4 миллиард сом суммасында профицит менен аткарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар