14:47
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстандын бюджеттик кирешеси 1-августка карата 79 миллиард сомду түздү

Кыргызстандын бюджеттик кирешеси 1-августка карата 79 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 15 пайызга көп. Акчалай эсептегенде кирешелер 4,5 миллиард сомго өскөн.

«Региондорду өнүктүрүү жана калктын жашоо шартын жакшыртуу үчүн бизнес пландар иштелип чыкты. 2018-жылы 104 жаңы социалдык объектилердин курулушу пландалган», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума