15:48
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Толкунбек Абдыгулов: Базар шарттарын бузбай туруп экономикага салым кошуу керек

«Эгерде бизде рыноктук эмес механизмдер өтө эле көп болуп кетсе, анда банк тутуму иштебей калат. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бюджет жана каржы боюнча парламенттик комитеттин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, азыр Улуттук банк өкмөт менен жеңилдетилген насыялар боюнча жаңы программаларды үстүндө иштеп жатат. Кризиске каршы жаңы пакет кабыл алынды. Финансы министрлиги жеңилдетилген насыя программасын ишке ашыруу үчүн коммерциялык банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Эгерде банктын өтүмдүүлүгү жетишсиз болсо, Улуттук банк аны камсыз кылат.

«Бирок дагы деле Улуттук банк мурунку көз крааштагы уюм болуп эсептелинет. Биз базар шарттарын бузбай баарына жардам берүү максатында иш алып барабыз. Эгер рыноктук эмес механизмдер менен алектенсек, анда банктар калктан депозиттерди тартуудан баш тартышат. Ошондо финансылык ортомчулук функциясы биздин кийлигишүүлөрүбүзгө алмаштырылат. Биз коммерциялык банктар жана өкмөт менен тыгыз иштешебиз. Улуттук банк сунуш кылган акчанын көлөмү кыйла көбөйөт», — дейт Толкунбек Абдыгулов.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума