Кафе-ресторандар чоң иш-чараларды өткөрүүгө уруксат сурап жатышат. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, эпидеомологиялык кырдаалга карата чечим кабыл алынат.
«Аттуу-баштуу кишилер кайрылып жатышат. Кафе-ресторандардын биримдигинен кайрылуу болду. Куран окутуу деген болуп калат экен. Мындай чечим эпидеомологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынат», — дейт ал.
Белгилей кетсек, кечээ күнү Бишкек шаарындагы «Кайнар» ресторанында саясатчы Өмүрбек Бабанов көзү өткөн эжесине куран окутуп, 300дөй адамды топтоду. Ресторанга айып пул салынды.
Кафе-ресторандар ишке киргени менен 50дөн ашык кишини кабыл ала алышпайт.