16:01
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Үлпөт той, туулган күн, маараке. Той-топурларга ылайыктуу ырлардын тизмеси

Күркүрөгөн күздө той берүү -алда канча үнөмдүү. Биринчиден бул маалда мал тоодон түшүп, ойдогудай семиз болот. Экинчиден жашылча-жемиштер тегиз бышып, башка мезгилге салыштырмалуу түшүм арзан сатылат. 

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Күз мезгили жакындап, учурда той бере тургандар азыртадан камылга көрүп жаткан маал. Албетте, той шаңдуу музыкасыз өтпөйт, меймандардын көңүлүн көккө көтөрүү үчүн ылайыктуу ырлар жаңырышы керек. 24.kg агенттиги той-топурларга ылайыктуу ырлардын тизмесин жазып чыкты.

Кыргыз элинин меймандос экенин ырларынан билсе болот. Той-топур болуп жатканын даңазалап, бүт элге чакырык таштап, жакшылык ээлерине бата тилейт. Мындай ырлардын катарында ырчы Динара Тилекееванын «Кош- келиңиз азиз меймандар!», Жоодарбешимдин «Кыргызымда той бүгүн», Кубик Калыковдун «Той-той», Бек Борбиевдин «Бүгүн майрам, бүгүн той», Нурхан Турганбековдун «Той-тамаша», Саламат Садыкованын «Калайык калкка каалоо», «Мирбек Иманбековдун «Эки жашка каалоо», Үмүтай Абдышеванын «Эки жашка тилек», Айжамал Кабылованын «Обон-күлкү», Акмарал Жоробаеванын «Той ыры», Ильгиз Абдалиевдин «Кыргызда болсун дагы той» аттуу чыгармалары бар. Бул ырлар тойдун көркүн чыгарып, айыл-шаар дебей жаңырып жүрөт. 

Мындан тышкары ырчылар Айар, Гүлжигит Сатыбеков, Алиса, Таалайбек Тойчуев, Байыш Момунов, Мирлан Жетигенов, Съездбек Искеналиев той ырларын аткарып жүрүшөт.

Тойдо бийге чакырган ырлар да басымдуулук кылат. Сап башында Жеңишбек Айтиевдин аткаруусундагы «Атаң барбы, акаң барбы, айтып койчу танцага» аттуу тамашалуу ыры турат. Мындан тышкары Мурадил Сагыналиевдин «Кел Бийлейли», Дайыр Исмадияровдун «Бийге чакырайын», Минюра Рахимжанованын «Ойно- ойно», Данияр Эрматовдун «Бийлейли ча-ча» ырларын айта кетпесек болбойт. 

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Көпчүлүк үйлөнүү үлпөт тойлорду күзгө калтырып, ак төөнүн карды жарылган маалда белгилешет. Бул мезгилде үйлөнгөн жаш жубайлардын жашоосу күзгө окшоп берекелүү болот деп ырым кылгандар да бар. Эки жаштын үйлөнүү тоюн «Жар-жарсыз» элестетүү кыйын. Жаштарды элдин алдына алып чыгып, батасын алуу үчүн ата-энелерине жүгүндүрүп жүргөндөрдүн катарында аттуу-баштуу ырчылар Гүлнур Сатылганова, Динара Акулова, Айчүрөк Иманалиева, Гүлзат Байзакова, Анара Шайимкулова, Роза Шакирова, Назми, Анжелика, Айгерим Расул кызы, Айпери Кубик кызы, Асел Кадырбекова, Гүлназ Чыныбек кызы жана башкалар бар. 

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Ырчы айымдардан айырмаланып Темир Назаров менен шоумен Манас Алыкулов «Жар-жар» ырын ырдап, көпчүлүктү таң калтырган.

Кыз узатуу дагы үйлөнүү үлпөт тойдой эле көп кишинин курчоосунда өтөт. Ырчылар Гүланда «Кыз узатуу», Кубаныч Сатаев «Үйлөнүү той», Арзыбек Бедияров «Келин той», Самара Каримова «Кыз узатуу», Айпери Кулбаева «Куда күтүү», Анапия Райымбекова «Кыз узатуу», KG Эльмурат «Эки жашка» аттуу ырларды созолонтуп жүрүшөт.

Жентек той, бешик той, тушоо кесүү, сүннөт той деп наристелерге бата алыш үчүн жакшылык тойлор өткөрүлөт. Мындай жакшылыктарда ырчылар Мээрим Карыпованын «Бешик ыры», Айнура Салахидинованын «Тай-тай» чыгармалары ырдалып келет.

Туулган күн тоскон жакшылык ээлерине дагы арналган ырлар көп. Алмаз Шаадаев «Туулган күн тосуп турамын», Асел Касымова «Туулган күн», Сардар Туркменов «Тууган күнүң менен», Акбар Сүйүнбаев «Бүгүн туулган күнүңүз апа» аттуу ырларын мисал катары келтирсек болот.

Ошондой эле, Ильяз Абдыразаков, Нурлан Насип, Бактияр Токторов, Кыздаркан Келдибекова, Гүлнара Кахарова, Фарида Өмүрзакова, Ибрагим Жунусов, Ильяс Кудретов жана башка ырчылар туулган күнгө арналган ырларды ырдашат.

Тойдо тамак-аш, дасторкондун жасалгасы дагы мааниге ээ. Ырчылар Добр «Бешбармак», Гүлнур Сатылганова «Дасторкон», Манас Алыкулов «Шорпону» даңазалап келишет. 

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Учурда тойлордо жаш куракты белгилеп, өзгөчө шаң менен өткөргөндөр бар. Бек Борбиевдин «30 жаш», «50 жаш», Чыңгыз Мырзаевдин «25 жаш» жана Гүлжигит Сатыбековдун «35 жаш» аттуу ырлары бул салтанаттуу күндөрдө жаңырып жүрөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби