20:17
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Тажикстанда туулган күнүн белгилеген ырчы жоопко тартылды

Белгилүү тажик ырчысы Фируза Хафизова туулган күнүнө чоң той өткөргөнү үчүн жоопко тартылды. Бул тууралуу ББС маалымдайт.

Ал өлкөнүн той-аштарды чектөө боюнча атайын мыйзамды бузганы үчүн 5 миң сомани (530 доллар) айып пул төлөп берүүгө мажбур болду. Ырчы туулган күнүндөгү видеолорду «Инстаграм» баракчасына жүктөгөндөн кийин, коопсуздук кызматкерлери териштирүү иштерин баштаган. Тажикстандын мыйзамына ылайык, туулган күндү жакын туугандар менен гана белгилөөгө уруксат берилет.

Бирок бул чектөөгө өлкөдө каршы пикирлер күч. 

Эң көп окулган жаңылыктар