01:06
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Муфтият: садака-битирге жалпы 9 миллион 595 миң 528 сом чогулду

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы бүгүн, жыл сайын чогултулуучу садака-битирден жыйналган акча каражаттарды арыздардын негизинде таратып берди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылйык, өлкө боюнча 2020-жылы битир-садакадан 9 миллион 595 миң 528 сом жыйналган. Бул каражаттын 40 пайызы 4 миллион 35 миң 763 сому муфтияттын эсеп бөлүмүнө келип түшкөн. Ал эми 50 пайызы 4 миллион 790 миң 804 сому жергиликтүү мечиттерде, 10 пайызы 944 миң 020 сому облустук казыяттарда калат. 

Муфтияттын маалыматында,  учурдагы кырдаалдан улам өткөн жылга салыштырмалуу садака-битир аз топтолду. 

«Пандемияга байланыштуу быйыл аз чогулду. Ошентсе дагы биз бир сомун калтырбастан муктаждарга таратып беребиз. Ар бир үй-бүлөгө 1,5 миң сомдон дагы кошумча 10 килограмдан ун берилет. Бүгүн 70 үй-бүлөгө таркатылды», — дейт муфтият.

Эң көп окулган жаңылыктар