Ысык-Көлдө туристтик сезонго карата санитардык көзөмөлдү камсыз кылуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, бүгүн кыргыз-казак чек арасындагы «Чалдабар» өткөрмө бекетинин ишке киришине байланыштуу Панфилов районунда көчмө лаботария жайгаштырылды. «Аны түнү менен Нарындан алып келип орноттук», — дейт Нурболот Үсөнбаев.
Андан сырткары, Балыкчы жана Каракол шаарларында дагы лабораторияларды ишке киргизүү каралууда.
«Туристтик сезон башталганы турат. Андыктан биз Ысык-Көлгө дагы лаботорияларды ачып, жеринен текшерүү камсыз кылабыз», — деди ал.