01:18
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Сүйүктүү аташкам, оорубаңызчы. Неберелери Алмазбек Атамбевге кат жазышты

Экс-президенттин неберелери Селим менен Али Алмазбек Атамбаевге сагынычтуу кат жазышты. Бул тууралуу алардын атасы Сеид Атамбаев өзүнүн Facebook баракчасына маалымдады.

Неберелери чоң атасынын ден-соолугуна тынчсызданып жатышкандыктарын жана аны сагынгандарын жазышкан.

«Бизге сиз эле жетишпей жатасыз. Биз Али экөөбүз окуу жылын ийгиликтүү аяктадык, бизде баары жакшы. Бир гана сиз үчүн кабатырланып жатабыз. Ар бир күнү атабыз менен биргеликте сизди биз менен бирге болушуңузду кудайдан тилейбиз. Биз сизди аябай жакшы көрөбүз жана күтөбүз», — деп жазылат катта.

Эң көп окулган жаңылыктар