Бишкек-Ош жолунда 64 жаштагы киши жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн бир адамды сүзүп, качып кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ИИМдин пресс-кызматы билдирди.
Анын айтымында, 8-июнь күнү саат 23.00 чамасында Жайыл районунун Сосновка айылында белгисиз айдоочу Бөксө-Жол айылынын жашоочусун сүзүп кеткен.
Жөө жүргүнчү бир нече жолу жаракат алып, оор абалда аймактык ооруканага жеткирилген.
Кийинчерээк «Коопсуз шаар» камерасынын жардамы менен милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын тургунун кармашкан.

