09:50
USD 77.80
EUR 87.84
RUB 1.09

Билим министрлиги MegaCom компаниясына ыраазычылык билдирди

Билим берүү жана илим министрлиги карантин учурунда аралык окутууга чоң салым кошкондугу учун MegaCom компаниясына терең ыраазычылык билдирди.

Өлкөдө өзгөчө абал жарыялангандан тартып билим министрлиги менен MegaCom компаниясы окуучууларга, мугалимдерге, студенттерге акысыз интернет байланышын тузүп берген. Аны менен катар санариптик өндүрүштөрдү чыгарып жаштардын окууга болгон кызыгуусун арттырган.

Билим берүү жана илим министрлигинин, «Сорос Кыргызстан» фондунун жана Кыргызстандагы ЮНИСЕФ өкүлдөрүнүн атынан MegaCom компаниясынын кызматкерлери жана «Альфа Телеком» ЖАКнын башкы директору Акылбек Жамангулов ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

«MegaCom» компаниясынын карантин учурундагы онлайн-окууга кошкон салымы үчүн баалагандыгы албетте жагымдуу болду. Уюлдук операторлордун ичинен Билим берүү министрлигине колдоо көрсөтүүнү биринчилерден болуп биз сунуштадык«, — дейт компаниянын башкы директору Акылбек Жамангулов.

Биз видео-сабактарды биздин кеңседен тартууну уюштуруп, атайын Mega24 шилтемесин иштеп чыктык (Google Play и App Store шилтемеси аркылуу көчүруп алса болот) жана «Мугалим 150» тарифин аны менен катар «Мугалим», «Окуучу»" жана «MegaСтудент» кошумча бонустук пакеттерин ишке киргизүү менен алардын онлайн-окуусуна кыйынчылык жаратпоо максатында чектөөлөрдү алып салдык.

«MegaCom социалдык жоопкерчиликтүү уюм катары карантиндик шарттар менен мекендештерине жардам берүүнү улантууда. Компаниянын эң негизги максаты чыныгы жардамга муктаж операторлоруна жардам берүү», деп кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар
11-июль, ишемби
10-июль, жума