Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарындагы иштеген эки, Ош шаарындагы — 4, Нарын облусунда — 1 медицина кызматкеринен вирус аныкталды.
Жалпысынан 372 медик жуктуруп алса, алардын ичинен 270и айыгып чыкты.
Вирус жуктуруп Бишкек шаарындагы № үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Жүзүм Көкүмбаева жана Ош облусунун Кара-Кулжа районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Альберт Исмаилов кайтыш болду.
Өкмөт вирус жуктурган медицина кызматкерлерине 200 миң сом, набыт болгондорго — 1 миллион сом төлөп берет.
Коронавирус менен күрөшүүгө 6 миң медициналык кызматкер тартылган. Анын 3 миң 635и карантиндик зоналарда иштешүүдө.