19:33
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Карантин учурунда иштеген мугалимдер төш белги менен сыйланды

Кыргызстанда жалпы билим берүү уюмдарынын тогуз мугалими «Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу Билим жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мугалимдер көп жылдык эмгектери, билим берүү тутумуна кошкон салымдары, пандемиядагы телевидение сабагына катышкандыктары жана өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодогу ийгиликтери менен жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирилген. Дагы 35 мугалим билим берүүгө кошкон салымы үчүн ардак грамоталар менен сыйланышты.

«Карантин учурунда телевидение сабагына катышкан баардык мугалимдер министрдин тарабынан ыраазычылык баракчаларчаларын алышты», — дейт министрликтин басма сөз кызматы.

Эске сала кетек, карантин учурунда Кыргызстан боюнча жалпы билим берүү уюмдары онлайн иштешкен. 

Эң көп окулган жаңылыктар