12:51
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мусулмандар антисептик колдонсо болобу? Чубак ажыдан жооп

Мусулмандарга колду тазалоо үчүн антисептик колдонсо болот. Бул тууралуу Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов маалымдады.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда «мусулмандарга спирт колдонууга тыюу салынган, ал эми антисептиктин курамында спирт бар, демек аны да колдонууга болбойт», — деген талаш талкуу жаратууда.

Чубак ажы Жалиловдун суроо-жооп уктуруусунда: «спиртти мындай кырдаалда вирустан коргонуу үчүн үстүртөн колдонуга болот», — деп түз эфирде айтты.

«Антисептикти сөзсүз түрдө колдонгула. Эгер дарыканаларда кымбат болуп жатса, биз сыяктуу эле үй шартында жасап алсаңар болот. Колуңарды бат-баттан жууп, Саламаттыкты сактоо министрлиги сунуштаган кеңештерди сөзсүз аткаргыла», — дейт Чубак ажы Жалилов.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 6га жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар