07:39
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Аптекаларда дагы деле бет кап жок

Бишкек шаардык мэриясында ишкерлер менен Азиз Суракматовдун жолугушу өттү.

Дарыкана башчыларынын бири, калаа тургундары фармацевттер менен урушуп жатканын белгилеген. Жарандар бет капты көптөн сатууну талап кылышууда.

Ишкердин айтымында, жарандар 50-100 даана бет кап сатууну талап кылышкан. Бирок фармацевттер дары-дармек менен камсыздоо департаментинин көргөзмөсү менен гана бир адамга 3 бет кап бере алат.

Дагы бир ишкердин айтымында, аптекаларга күн сайын жеткирилип жаткан 30-40 миң бет кап 1-2 саатта эле калбай калууда.

«Бизде дагы бир көйгөй бар. Биз марлинден жасалган бет капты сатуудан баш тарттык. Себеби, департаменттин талабы боюнча анын баасы 10 сомду түзүүсү керек. Бирок бул мүмкүн эмес, марлиден жасалган бет каптын өзүнүн баасы 12 сомду түзөт. Биз ал бет каптарды кызматкерлерибизге таратууга туура келди», — дейт калаадагы аптекалардын биринин жетекчиси.

Эске сала кетсек, жакынкы күндөрү калаадагы азык-түлүк саткан жайларда текшерүү иши жүрөт. Анда бааны кымбаттаткан сатуучуларга чара көрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар