11:41
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чек арачыларга туугандары менен жолугушууга тыюу салынды

Коронавирусту алдын алуу ирээтинде чек ара кызматкерлери бүгүнтөн тартып туугандары менен жолугушпайт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус илдетинин өлкөдөгү кырдаалы боюнча маалыматында билдирди.

Анын айтымында, чек арада турган кызматкерлер өткөрмө жайларда күнү-түнү иштешет. Ошондуктан алардын вирус жуктуруп алуу коркунучу бар.

«Чек ара кызматкерлери посттордо күнү-тунү иштеп жатышат. Алардын ооруну жуктуруп алуу тобокелдиги жогору. Нускамалар боюнча аларга туугандары менен жолугууга тыюу салынды. Ошондуктан алар дагы изоляцияланган. Биз аларды колдошубуз керек», — деп билдирди өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эске сала кетсек, Кыргызстан менен чектеш Казакстан, Өзбекстан, Кытай өлкөлөрүндө коронавирус илдетине чалдыккандардын саны өсүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар