Өлкөдөгү бала-бакчалар жабылбайт. Бул тууралуу өкмөттүн коронавирустун алдын-алуу боюнча республикалык штабынын кезектеги жыйынында айтылды.
Маалыматта иштеген ата-энелердин шарттын түшүнүү менен бала бакчалар иштей берери айтылат.
«Балдарын таштай турган адамы жок, карай турган кишиси жок иштеген ата-энелерге шарт түзүү зарыл. Буга байланыштуу бала бакчалар иштейт. Канча бала келгенине карабастан бакчалар аларды кабыл алып, тийиштүү кызматтарды көрсөтүшөт. Баланы бакчага жиберүү же жибербөө маселесин ата-эне өзү чечет. Ошол эле учурда бала бакчаларда Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштары катуу сакталып, тиешелүү дезинфекциялык иштер жүргүзүлүшү шарт», — деп жооп берди республикалык штабдын мучөлөрү.
Аны менен катар республикалык штабдын оюн аянтчаларын, компьютердик клубдарды жапты.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавируска карата 16-марттан 8-апрелге чейин ЖОЖдорду жана мектептерди каникулга тараткан.