23:28
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун мушташы бул жолу болбой калышы ыктымал

Коронавируска байланыштуу UFC уюмунун мушкерлери Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун беттешүүсү токтотулушу мүмкүн. Бул тууралуу UFC уюмунун президенти Дана Уайт Instagram баракчасына тамаша иретинде сүрөт жүктөгөн.

Дана Уайт анда алдыдагы беттешүү боюнча бүйүрүн кызыткан суроого кыйытып жооп берген.

Ал жүктөгөн сүрөттө аял күйөөсүнө карап: «Болду болбоду башка кызды ойлонуп жатат» десе, күйөөсү: «Хабиб менен Тонинин мушташын коронавируска карата токтотуп койсо эмне болот?», — деп кабатырланууда.

Дана Уайттын бул постунан кийин интернет колдонуучулары таймашты чыдамсыздык менен күтүп жатышканын жана аны токтотпоону суранган билдирүүлөрдү калтырышууда.

Ал эми Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун беттешүүсү 18-апрелден 19-апрелге караган түнү белгиленген. Эгер бул жолу да беттеш өтпөй калса, анда 5-ирээт токтоп жаткан болот.

Эске сала кетсек, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов буга чейин 28 жолу жеңишке жетип, бир дагы жолу жеңилген эмес. Ал эми америкалык мушкер Тони Фергюсондун 25 жолу жеңип, 3 ирээт женилип калган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума