Жалал-Абад облусунун Аксы районуну Авлетим айыл аймагынын А. Кабанов атындагы мектеп окуучуларынын мушташы боюнча козголгон иш сотко өткөрүү алдында турат. Бул тууралуу аймактык милиция билдирди.
Алардын маалыматында, окуя 6-февраль күнү мектептин аймагында курулуп жаткан спорт залдын имаратында болгон. 9-класстын 6 окуучусу өздөрүнүн курдашы Т.М. аттуу баланы сабапкаш. Алар Т.М.дин уулу балдар менен жүргөнүнө нараазычылык билдиришкен.
Т.М. эртеси райондук оорукананын жаракат бөлүмүнө кайрылат. Апасы милицияга арыз жазат.
«Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Апасы тосмо арыз жазды. Бирок, ал канааттандырылган жок. Азыр соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыгарылып, соттун кароосуна жиберүү алдында турат. «Таасирлүү адамдар ортого түшүп, ишти жаап салышкан» — деген пикир чындыкка дал келбейт», — дейт милиция.