22:21
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кара-Балта шаардык кеңештин депутаттары мэрди иштен четтенүүнү суранат

Кара-балта шаардык кеңештин депутаттары шаардын көйгөйлөрүнө көңүл бурууну суранышууда. Бул тууралуу алар бүгүн пресс-жыйында маалымдашты.

Депутат Азим Боромбаевдин айтуусунда Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов жана муниципиалдык иш алып баруу бөлүмдөрү талапка жооп бербейт. Ошону менен катар шаардын бюджетине бөлүнгөн акча каражаттар кайда жумшалып жаткандыгы тууралуу депутаттардын маалыматы жок.

«Биз чындыкты жеткире албай жатабыз. Шаардын мэри Данияр Шабданов депутаттарга маалымат бербейт. Биз мэрге ишеним көрсөтпөөнү ойлонуп жатабыз. Бул үчүн 21 добуш керек, бирок бизде мэрге каршы 16 гана адам добушун берүүдө. Ошондуктан сурануу менен Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабдановду кызмат ордунан соттук кароо иштерине чейин жок дегенде убактылуу четтетүүнү президенттен сураныбыз» — дейт Азим Боромбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар