05:28
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өкмөт кытай жарандары иштеген долбоорлорду башка жумушчулар менен толуктайт

Кытайга кетип кайра келбеген чет элдик жумушчулар иштеген долбоорлордогу орундар башка кызматкерлер менен толукталат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу маселелери боюнча селектордук кеңешмеде билдирди.

Өкмөттө вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жетектеген антикризистик иш-чаралар боюнча штаб түзүлдү.

Ал өлкөнү зарыл азык-түлүктөр менен тиешелүү көлөмдө камсыздоо маселесин чечет.

«Ар дайым жакшыны ойлоп, бирок түрдүү жагдайларга даяр болуу керек. Биз азыктардын болгон камына талдоо жүргүзүп, кайсы товарды, кайдан, кандай баада жана канча мөөнөттө өлкөгө ташып келүүгө болору тууралуу так билишибиз керек», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан тышкары, Кытай менен чек аранын жабылышы жана коронавирустун кесепетинин өлкөгө таасирин ыкчам баамдап, чараларды кабыл алат.

«Кытай менен чек аранын жабылышына байланыштуу бажы төлөмдөрүнүн көлөмү түшүүдө. Мындан тышкары чек араны жабуу аймактагы өнөр жай ишканаларынын, биринчи кезекте кытайлардын катышуусундагылардын ишине дагы таасир берет.

Башкача айтканда, коронавируска байланыштуу жагдай бюджет жана экономика үчүн кандайдыр бир аныксыздыкты жаратууда.

Ошондуктан айылдык кеңештердин, акимдердин жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн алдында мындай ар бир объекттеги абалды изилдөө, тигил же бул маселелерди чечүүнү ыкчам көтөрүү милдети турат», — дейт өкмөт башчы.

Премьер-министр кытай жарандары иштеп жаткан жолдор жана башка инфраструктуралык жана өнөр жай объекттеринин курулушу токтоп калбашы керектигин эскертти.

Убактылуу өлкөдөн кетишип, кайра жумуш ордуна келе албай калган Кытай жарандары иштеген объекттер бар. Кыска мөөнөттө бул объекттерде ишти улантууну шарттаган чаралар иштелип чыгышы керек. Зарылдыгына жараша башка адистер тартылышы кажет.

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Эң көп окулган жаңылыктар