10:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу бардык келишимдер жанданат

«Коронавирустук пандемияга байланыштуу, убактылуу токтоп турган Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кол коюлган келишимдерди жана меморандумдарды ишке ашыруу жанданат. Өзгөчө Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпиндин 2019-жылы Кыргызстанга жасаган сапарынын алкагында өткөрүлгөн бизнес-форумдун жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашуулар боюнча ишти кайра баштоону сунуштайм», — деди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень менен болгон жолугушууда.

«Кыргызстан — Кытай» бизнес-форумунун алкагында 24 меморандум жана келишимге кол коюлган.

Тышкы экономикалык байланыштар жаатында Кыргызстан Кытайды өзүнүн негизги өнөктөштөрүнүн бири катары карайт. Статистика боюнча, 2022-жылдын 11 айында Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 3 млрд 678 млн долларды түзгөн, анын ичинен экспорт — 52 млн доллар, импорт — 3 млрд 626 млн доллар.

Ошондой эле, гранттык долбоорлордун негизинде «Кыргызстандын сугат жерлерин суу менен камсыз кылууну жогорулатууга мүмкүндүк бере турган Отводной Чүй каналы-2 (ОЧК-2) курулушунун долбоорун ишке ашыруудагы жардам үчүн ыраазыбыз. Курулуш мезгилинин башталышы менен 2023-жылдын жазында куруу иштерин баштоону суранабыз», — деди Бакыт Төрөбаев.

Мындан тышкары, ири транспорттук долбоор Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу. Бул багытта тараптар 2023-жылдын июнь айына чейин толук талаа изилдөө жана техникалык-экономикалык негиздемелерин бүтүрүүсү керек.

Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень «Кытайлык керектөөчүлөрдүн Кыргызстандан экологиялык жактан таза продукцияга болгон суроо-талабын эске алуу менен Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Кытайдын рыногуна жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар. Буга байланыштуу Кытай тараптан Кыргызстандын экспортчуларына жеткирүүлөрдү көбөйтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр», — деди ал.

2021-жылы Кыргызстандын экономикасына Кытайдан 233 млн доллардан ашуун түз инвестиция келген. 2022-жылдын январынан сентябрына чейин — 219 млн 701 миң долларды түзгөн.

«Ошондой эле, «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштеши биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара сооданы мындан ары жогорулатуунун негизги фактору болуп саналат», — деп сөзүн жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар