USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Кыргызстан Кытайдагы кирберспорт оюндарына катышат

12:12, 08 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

22-сентябрда Кытайда киберспорт боюнча Азия оюндары башталат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Кыргызстандын компьютердик спорт боюнча федерациясынын вице-президенти Тариэль Болотбеков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан бул оюндарга төрт дисциплинада катышат. Азыр оюнчулар жигердүү даярданып, байгелүү орундарды алууга үмүттөнүшүүдө.

«Жалпысынан компьютердик спорт федерациясынын ишмердүүлүгү бул багытты мүмкүн болушунча жаштар арасында жайылтууга багытталган. Мындан ары Кыргызстанды киберспорт багытындагы спортчулар үчүн борбордук хабка айлантуу тапшырмасын коюп жатабыз », — деп жыйынтыктады Тариэль Болотбеков

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика