17:40
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Чек ара кызматындагы жемкорлукту айтып чыккан Талгат Алановго жактоочу табылды

Чек ара кызматындагы жемкорлукту айтып чыккан Талгат Алановду «Кылым шамы» уюму жактоочу менен камсыз кылды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдрасулова билдирди.

Белгилей кетсек, Талгат Алановго жактоочу жалдоо үчүн социалдык тармакта акча топтоо башталган.

Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдакы офицери өзүнү кесиптештери менен соттошууда. Алар өздөрүнүн кадыр баркын колдоп сотко беришкен.

Эскерте кетсек, Талгат Аланов Чек ара кызматынын жетекчилиги ар бир өткөрмө пунктунан айына 200 миң сомдон топторун айтып чыккан. Ал президент Сооронбай Жээнбековдон жолугушууну суранган.

Чек ара кызматынын бир нече офицери сотко кайрылып, Талгат Алановдун ар бирине 100 миң сомдон төлөп беришин талап кылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума