18:55
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өзбекстанда музейден уурдалган сүрөт Гүлнара Каримовага белекке берилген

Өзбекстандын Маданият министрлиги сүрөтчү Александр Волковдун 1932-жылы тартылган «Жүгөрү шуудурайт» сүрөтүнүн Фергана облустук музейинен уурдалышы боюнча териштирүү иштерин баштады.

Февралдын ортосунда Лондондогу MacDougall’s аукцион үйүндө «Жүгөрү шуудурайт» сүрөтү сатыкка коюлганы, бул чыгарма уурдалганы жана Ферганадагы музейде жасалма сүрөт турганы жөнүндө маалымат тараган.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин биринин айтымында, «Жүгөрү шуудурайт» чыгармасын 2009-жылы Ферганадагы мунайды кайра иштетүү заводунун мурдагы директору Журат Меликулов Өзбекстандын мурдагы президентинин тун кызы Гүлнара Каримовага белекке берген.

Каримова бул сүрөттү ушул эле жылы орусиялык кутюрьенин бирине тартуулаган.

Ферганадагы мунайды кайра иштетүү заводунун мурдагы директору Журат Меликулов 2014-жылы компаниянын 100 миллион долларын уурдоо айыбы менен 15 жылга соттолгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума