14:50
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстандын аймагына кирип келген тажик чек арачылары боюнча териштирүү жүрөт

Кыргызстандын Баткен облусунудагы Лейлек районундагы Сай аймагына кирип келген тажик чек арачылары боюнча териштирүү жүрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 29-февраль күнү Тажикстандын эки чек арачысы Кыргызстандын аймагына кирип, дөңгөлөктү өрттөшкөн. Жергиликтүү тургундар барганда качып кетишкен.

Чек ара кызматы тажик аскерлери 30-40 метр кирип кеткенин ырастады.

«Бул факты боюнча эки өлкө чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, жолугушууда кыргыз тарап тажик өкүлүнөн Кыргызстандын аймагында Тажикстандын аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз жүрүүсү боюнча түшүндүрмө талап кылган. Алардын айтымында, тажик чек арачылары адашып калган. Тажикстан аталган факт боюнча териштирүү иштерин жүргүзө тургандыгын убада кылды», — дейт чек ара кызматы. 

Эң көп окулган жаңылыктар