Кыргызстанда мектеп курактагы балдардын 40 пайызы ар кандай ишке тартылат. Бул тууралуу «Республика — Ата-Журт» фракциясынын жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов билдирди.
Анын маалыматында, 2019-жылдын эки айында 45 миң мектеп окуучусу эмгектенген.
«30 миң бала майып. Андан тышкары, ата-эненин кароосуз калган балдардын да саны өсүүдө. 2019-жылы 5 миң 369 бала оор кырдаалда калган», — дейт ал.
175 миң баланын ата-энеси миграцияда жүрөт.