20:40
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда балдардын укуктарын коргоо боюнча бир айлык жарыяланды

Кыргызстанда балдардын укуктарын коргоо боюнча бир айлык жарыяланды. Бул тууралуу маалымат жыйында Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков билдирди.

Анын айтымында, иш-чара бүгүн башталып, бир айга созулат.

Кыргызстанда 18 жашка чейинки балдардын саны 2 млн 391 миңге жетет. Алардын 68 пайызы айыл жергесинде жашаган балдар.

«Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын жыйынтыгы менен өлкөдө 4 миңден ашуу бала кыйын абалда жашаганы аныкталган. Алардын 3,5 миңине жардам берилиптир. Калган 1,5 миңдейинин маселеси чечиле элек экен. Ал эми укук коргоо органдарына баланын үстүнөн зордук-зомбулук боюнча 417 арыз келип түшкөн. Анын 118 сексуалдык мүнөздөгү укук бузуулар. Ушул маалыматтарды эске алып, балдардын укуктарын коргоо, аларды мажбурлап эмгекке тартууну аныктоо боюнча бир айлык жарыяланып жатат», — деди Аскат Азарбеков.

Кыргызстанда 50 миңден ашык баланын ата-энеси миграцияда жүрөт. 

«Алардын көбү туугандарында болсо, калгандары бөтөн адамдын колунда болууда. Жакында эле Сокулукта үрөй учурган окуя болду. Жерине өзүбүз барып, иликттөө жүргүзүп, жеке көзөмөлгө алып келдик. Окуя чаташкан абалда экен: баланын апасы жумуш берүүчү менен чогуу жашап алган. Ал эми баланын атасы анын колунда иштеп келген. Атасы баласынын укугун коргойм деп буга чейин жумуш берүүчү мажбурлап иштеткенин айтпай койгон. Ошондой эле анын бутуна ок атканын, таяк жеген учур дагы болгонун билдирди. Баласынын коопсуздугу үчүн маалымат бербей келиптир. Ал эми анын мурдагы жубайы тескерисинче атасын күнөөлөп жатат. Азыр чогуу жашабагандыктан баласын 2-3 күнгө атасына калтырып турган экен. Азыр тергөө органдары иштеп жатат. Бала № 3 шаардык ооруканага которулду», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Сокулук районунда эки жашар бала денесинен көптөгөн жаракат алып, ооруканага түшкөн. Баланы сабоого шектелип апасы менен чогуу жашаган жаран А.С. кармалган.

«Балдардын укуктарын коргоочулардын лигасы» коомдук фонддун директору Назгүл Турдубекова эки жашар баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгонун айтат.

«Эгер бала кокустан чарчап калса, анда аны эч ким издебейт дагы болчу. Анткени документ жок, адам дагы жок. Ошондой эле бала бир эле эмес, туруктуу түрдө зомбулукка кабыл болуп келген. Атасы чыдабай анан айтып чыккан. Алдыда бул иш боюнча объективдүү иликтөө жүрөт деп ишенебиз», — деди Турдубекова.

Азарбеков маалымдагандай, Кыргызстанда 18 жашка чейинки балдардын саны 2 млн 391 миңге жетет. Алардын 68 пайызы айыл жергесинде жашаган балдар.

«Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын жыйынтыгы менен өлкөдө 4 миңден ашуу бала кыйын абалда жашаганы аныкталган. Алардын 3,5 миңине жардам берилиптир. Калган 1,5 миңдейинин маселеси чечиле элек экен. Ал эми укук коргоо органдарына баланын үстүнөн зордук-зомбулук боюнча 417 арыз келип түшкөн. Анын 118 сексуалдык мүнөздөгү укук бузуулар. Ушул маалыматтарды эске алып, балдардын укуктарын коргоо, аларды мажбурлап эмгекке тартууну аныктоо боюнча бир айлык жарыяланып жатат», — деди ал.

Аскат Азарбеков балдарга карата зордук-зомбулукка күбө болгондорду «115» номерине кабарлап коюуну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар