22:10
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Түркмөн спутниги Өзбекстандын телеканалдарын көрсөтүүнү токтотту

Түркмөнстандын TurkmenÄlem 52E/MonacoSat спутниги 10-февралдан тарта өзбек телеканалдарын көрсөтүүнү токтотту. Бул тууралуу Turkmen.News басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, жалпысынан коңшу өлкөнүн он телеканалы, анын ичинде «Өзбекстан», «Өзбекстан 24», «Ёшлар», «Кинотеатр», «Ташкент», «Болажон» жана «Спорт» телеканалдары бар.

Өзбек телеканалдары спутниктен эмне себептен өчүрүлгөндүгү айтыла элек. Бирок айрым жарандар бул 21-январда Өзбекстандын Sevimli TV телеканалы Түркмөнстанда тыюу салынган америкалык «6 Underground» тасмасын көрсөткөндүгүнө байланыштуу деп болжолдошууда.

Америкалык Netflix компаниясы тарабынан 13-декабрда жарык көргөн тасмада заманбап Түркмөнстанды элестеткен деталдар бар. Бюджети 150 миллион доллар турган фильм ойдон чыгарылган Тургистан аттуу өлкөнүн зулум диктаторун жок кылып, демокартия алып келүүгө аракет жасаган америкалык миллиардер жөнүндө тартылган.

Буга байланыштуу түркмөн бийлиги жаңы фильмдин көмүскө прокатынын жайылышына каршы чара көрүп, Америкага каршы пропаганда жүргүзө баштаган.

TurkmenÄlem 52E/MonacoSat — француз компаниясы тарабынан курулган алгачкы түркмөн спутниги. Ал Борбор Азия менен Европанын көпчүлүк аймагын камтыйт. 2015-жылы АКШдагы космодромдо учурулган 4,5 тонналык спутниктин долбоордук мөөнөтү 15 жылды түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар