13:48
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстан-Россия кайчылаш жылынын салтанаттуу ачылыш аземи 27-февралда өтөт

Кыргызстан Россия менен кайчылаш жылын өткөрүүгө даярдык көрүүдө. Анын ачылуу аземи 27-февралда Москвада өтөт.

Белгилей кетсек, бул боюнча чечим 2019-жылдын 28-мартында Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан кабыл алынган.

Кайчылаш жылдын алкагында саясий өз ара кызматташтык, экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-агартуучулук, аскерий-техникалык кызматташуу чөйрөлөрү, жаштар саясаты, туризм, саламаттык сактоо, аймактар аралык кызматташтык тармактары боюнча 200дөн ашык иш-чараны өткөрүү пландалды.

Эң көп окулган жаңылыктар