06:18
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ооганда саясый үгүт жүргүзгөндөрдү согуш ардагерлерине теңдештирүү сунушталууда

Жогорку Кеңеште Ооганстанда саясый иштерди жүргүзгөн кызматкерлерди партиялык жана советтик кызматкерлердин, согуш ардагерлеринин макамына теңдештирүү сунушталууда.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, ооруктагы эмгекчилер жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

«Кыргызстандан Ооганстанга саясый иштерди жүргүзүү тапшырмасы менен 5 кызматкер жиберилген. Азыр алардын согуш ардагери макамы жок болгондуктан, жеңилдиктер каралган жок. Ошондуктан, аларга согуш ардагери макамын берүү зарыл», — дейт демилгечи депутат Исхак Пирматов.

Эң көп окулган жаңылыктар