17:39
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Казакстан ооган качкындарына транзиттик коридор берди

Казакстан Ооганстандагы мурдагы бийликтин учурунда сот, тергөөчү, депутат сыяктуу мамлекеттик кызматтарда иштеген аялдар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүнчү өлкөгө чыгып кетүү үчүн транзиттик коридор менен камсыздоо маселесин чечти. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

«Казакстан гуманитардык тармактагы эл аралык милдеттемелерди аткарууга ынтызар экенин эске алуу менен мамлекет башчысы ооган аялдарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө транзиттик коридор берүү чечимин кабыл алды», — деп жазылган расмий кабарда.

Маалыматка караганда Ооганстандан чыккан 99 адам учак менен Казакстанга келип, анан үчүнчү өлкөгө учуп кетет.

Казакстандын тышкы иштер министрлиги ооган аялдарына транзиттик коридор Алматыдагы аэропорт аркылуу ишке ашырыла турганын билдирди.

Жакында эле «Хьюман Райтс Вотч» (HRW) укук коргоо уюму Ооганстандан чыга албай жашырынып жүргөн же үчүнчү өлкөлөрдө кодуланган качкындарды жайгаштыруу үчүн БУУнун мекемелери менен кошуна өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө кайрылган.

Эң көп окулган жаңылыктар