15:11
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

ЮНИСЕФ ооган мугалимдерине айлык төлөп берет

ЮНИСЕФ Ооганстандагы бардык мамлекеттик мектептердин мугалимдерин каттоого алып, аларга түздөн-түз айлык акы төлөп берүүгө ниеттенүүдө.

Бул арада эл аралык коомчулук «Талибан» кыймылы түзгөн убактылуу өкмөткө жардам берүүнү токтотту.

ЮНИСЕФтин Ооганстандагы билим берүү бөлүмү Reuters агенттигине «уюм каражатка азыркы өкмөттү аралаштырбастан, мугалимдерге түзмө-түз айлык акы төлөп берерин»" билдирди.

Соңку айларда ооган мугалимдери талибдерге кайрылып, маселелерин тезинен чечип берүүгө чакырышкан. Айрым окутуучулар эгер маяна төлөнбөсө, 6-класска чейин ачылган кыздардын мектеби да жабыларын билдиришкен.

ЮНИСЕФтин Ооганстандагы билим берүү бөлүмү мектептерге жана мугалимдерге каржылай жардам берүү — кыздардын билим алышын колдоонун эң жакшы ыкмасы деп эсептейт. Уюм эл аралык коомчулук балдар билимден аксап калбоосу үчүн ооган мугалимдерин колдошу керек экенин билдирүүдө.

Талибдер бийликке келгенден кийин Ооганстанда билим берүү системасы кризиске учураган. Мугалимдер төрт айдан бери маяна ала элек. Көптөгөн өлкөлөр Ооганстандын убактылуу өкмөтүнө каржылай колдоо көрсөтүүгө тыюу салды. АКШ жана Европа өлкөлөрү Ооганстандын Борбордук банкынын чет өлкөлөрдөгү активдерин тоңдурду.

Талибан Кундуз, Балх, Самаган жана Жаузжан провинцияларынан тышкары Ооганстандын көптөгөн аймактарында кыздардын 6-класстан жогорку мектептерин жапты.

Бул арада Талибан өкмөтүнүн өкүлү Reuters агенттигине ушул тапта кыздар окуган мектептерди ачуу боюнча аракет көрүлүп жатканын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар