22:51
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Текебаевдин кызы саясатка аттандыбы? «Ата-Мекен» лидеринин жообу

«Бир үй-бүлөдөн бир убакта бир эле саясатчы болгону оң», — деп «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кызы Ай-Данэктин Талас облусундагы конференцияга катышуусун «Арыба» сайтына түшүндүрдү.

Саясатчынын айтымында, анын уул-кызы партиянын мүчөсү.

«Биздин үйдө эреже бар. Бир үйдөн бир убакта бир эле саясатчы болгону оң. Кызым башка балдарым сыяктуу эле партиянын мүчөсү. Жаштар канатынын активисти. Мен партия лидери болсом, үй-бүлөмдүн, балдарымдын партия лидери катары мени колдоосу табигый көрүнүш. Балдарымдын партиянын активисти болушу — саясатка катышуу эмес, биздин үй-бүлөнүн жашоо образы», — дейт ал.

Өмүрбек Текебаевдин айтымында, Ай-Данэк атасынын ордуна Таластагы жыйынга катышып келди.

«Региондордо партиялык конференциялар болуп жатат. Тилекке каршы, мен Бишкектен чыга албайм. Ошондуктан, ал конференцияларга катыша албадым. Таласка Ай-Данек партиялаштарга менин атымдан салам айтып, ыраазычылык билдириш үчүн барды», — дейт ал.

Ай-Данэк Текебаеванын Таластагы жыйында сүйлөгөн сөзүн сынга алгандар дагы болду. Айрыкча анын кыргыз тилиндеги акценти нараазычылык туудурду.

«Мен орус тилдүү мектепте окуп, анан Кытайда билим алганмын. Бир учурда бир нече чет тилди үйрөнгөн адамда эне тилине акцент пайда болот. Бирок, өз тилимди үйрөнүүгө аракет кылып жатам. Бул менин чоң аудитория алдында биринчи жолу сүйлөгөн сөзүм болду», — деп Facebook аркылуу жооп берди.

Эң көп окулган жаңылыктар