Экс-президент Алмазбек Атамбаев YouTube-канал ачты.
Анда мурунку өлкө башчысы ишмердүүлүгүнө байланыштуу тасмаларды, элге жасаган кайрылууларды, билдирүүлөрдү жарыялап турмакчы.
Атамбаевдин YouTube-каналына 43 адам катталды.
Саясатчылар арасында YouTube активдүү колдогондор аз. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жакында YouTube-каналын ачкандыгын жарыялаган. Ага 4,5 миңден ашык шайлоочу катталган.
Белгилей кетсек, YouTube тармагында саясатчыларга караганда Чубак ажы Жалилов популярдуу. Анын «Насаат медиа» каналын 400 миңден ашык киши карайт.