Кыргызстан коронавируска каршы эмдөө боюнча 160-орунда турат. Бул тууралуу оurworldindata.org сайтына жарыяланган коронавируска каршы эмдөөнүн картасында көрсөтүлгөн.
Маалыматта Кыргызстанда 29-мартта эмдөө өнөктүгү башталгандан бери 173 700 адам эмделгенин айтылат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Кытайдын синофарм менен Россиянын «Спутник-V» вакцинасы менен эмдөө жүргүзүлдү. Учурда «Спутниктин» 7 миң дозасы калды. Ал эми Кытай вакцинасы дагы эле Кыргызстанга алынып келе элек.