23:05
USD 84.87
EUR 91.65
RUB 1.10

Зомбулуктан запкы алган балдарга жардам жана милдеттүү чаралар

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, былтыр өлкө аймагында 171 бала зордук-зомбулукка кабылган. Алардын 107си уруп-сабоого, 44ү сексуалдык зомбулукка, калган 20сы психикалык жактан кордукка тушуккан.

«Балдардын укугун коргоо лигасы» коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова 24.kg агенттигине зомбулуктан запкы алган балдардын укуктары жана аларга көрсөтүлө турган кезексиз чаралар жөнүндө айтып берди.

1
Медициналык мекемеге кайрылуу зарыл

Зомбулуктан запкы көргөн балдар алган жарааттарын жакынкы медициналык мекемелерден кароодон өткөрө алышат. Ошондой эле укук коргоо органдарынан соттук-медициналык экспертизадан өтүүгө сунуштама берилет. Анын жыйынтыгы 24 сааттын ичинде чыгат.

Муну менен катар жыныстык жол менен берилүүчү АИВ инфекциясын жана каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуу үчүн дарыгерден кеп-кеңеш алса болот.

2
Жеке коопсуздугу коргоого алынат

Эгер баланын коопсуздугуна коркунуч бар болсо үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн адистери жана ички иштер органдарынын жашы жете электер боюнча инспекторлору жардам көрсөтүшөт.

Ички иштер органдары зордук-зомбулук боюнча маалымат алган учурда, төмөнкү чараларды көрүүгө милдеттүү:

— Зомбулукка бөгөт коюу жана окуяны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоо;

— Үй-бүлөлүк зомбулук жасоо фактысы аныкталган учурда жабыр таркан адамга 3 күндүк мөөнөткө коргоо ордерин берүү, ошондой эле жабырлануучунун арызы боюнча коргоо ордерин 30 күнгө узартып берүү.

3
Акысыз психологиялык жардам алууга укуктуу

Денеге залака келтирүүдөн же сексуалдык зомбулуктан жабыр тарткандар акысыз укуктук жана психологиялык жардам ала алат. Ал үчүн 102 номуруна же 111 номуруна «Балдар үчүн ишеним телефону» чалуу керек.

Балага жардам берип жатып тартип сакчылары, социалдык жана медициналык кызматкерлер купуя сырды сакташы зарыл.

Зомбулуктан запкы көргөн балдарга кеп-кеңешти иш бөлмөдө, же класста эмес, ойноочу же эс алуучу бөлмөдө берүү алда канча жакшы. Бул балдарды коопсуз жана ыңгайлуу сезүүсүнө жардам берет.

Сексуалдык жактан запкы көргөн балдар психологдордун көбүрөк көңүл буруусуна, түшүнүү менен мамиле жасоосуна муктаж. Жабырлануучулар уялып, корунуп, айтуудан айбыгып көп нерселерди ачык айта албай коюшу мүмкүн. Аларды жагымсыз окуядан дагы бериле турган суроо менен реакциялар чочутушу ыктымал, андыктан суроолорду абайлап берүү керек.

Зомбулуктан жабыркаган балдарды реабилитациялоо үчүн бир канча ыкмалар колдонулат. Алардын катарында сүрөт тартуу терапиясы, кум терапиясы, оюн терапиясы бар. Бул оор психикалык абалдын белгилерин жеңүүдө эффективдүү ыкма деп саналат.

4
Балдардын укуктары сакталышы шарт

Балдар укугу боюнча конвенцияга ылайык, ар бир бала физикалык жана психологиялык зомбулуктан, кадыр баркына шек келтирүүдөн, сөгүп-сагуудан, кооптуу нерселерге түртө турган иштерден, баңгизатын колдонуудан, сексуалдык зомбулуктан коргонууга укуктуу.

Алар билим алууга, медициналык текшерүүдөн өтүүгө, татыктуу жашоого, өз оюн айканга, уюм түзүп алардын иштерине катышууга укуктуу.

Эң көп окулган жаңылыктар