19:37
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Саида Мирзиёева «Ильхом» театрын колдоп чыкты

Ташкенттеги «Ильхом» театры жайгашкан имарат апрель айына чейин бошотулушу керектиги айтылгандан кийин социалдык түйүндөрдө #saveilkhom хэштеги менен акция башталды. Аны өлкө башчы Шавкат Мирзиёевдин кызы Саида Мирзиёева да колдоп чыкты.

11-февралда өлкөнүн маданият министри Озодбек Назарбеков театрдын көркөм жетекчиси Борис Гафуров менен имараттын жаңы ээси «Ofelos Plaza» компаниясынын өкүлү Ольга Шавринаны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар театр тарыхый имаратын сактап калары тууралуу макулдашууга келишти. Маалыматка ылайык, «Ofelos Plaza» компаниясы бизнес-борбор курууда театрдын жайгашкан жерин эске алууну убадалады. Мындан тышкары театр менен кызматташуу жана имаратты кайтарымсыз негизде 10 жылга берүү тууралуу келишим түзүлөт.

Курулуш иштери аяктаганга чейин «Ильхом» театры Маданият министри менен Ташкент мэриясы сунуштаган имаратта иштеп турат.

1976-жылы «Театралдык жаштардын эксперименталдык студиясы» деген аталыш менен негизделген театр Советтер Союзундагы эң алгачкы мамлекеттик эмес театрлардын бири болуп эсептелет. Анын түптөөчүсү жана көркөм жетекчиси Марк Вайл 2007-жылы өлтүрүлгөндөн кийин ал аталышын Марк Вайл атындагы «Ильхом» театры болуп өзгөрткөн.

2011-жылы театр Ханзаада Клаус атындагы Нидерланд падышалык фондунун сыйлыгына ээ болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби